Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Пенсия жана жөлөкпулдардын каржыланышы 2021-жылдын январь айында 4 млрд 140,3 млн сомду түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду кабарлайт.
Облус жана шаарларга жогорудагы сумма төмөнкүдөй бөлүнгөн:
- Бишкек шаары — 669,7 млн сом;
- Чүй облусу — 640,0 млн сом;
- Нарын облусу — 330,7 млн сом;
- Ысык-Көл облусу — 377,5 млн сом;
- Талас облусу — 171,4 млн сом;
- Ош шаары — 148,2 млн сом;
- Ош облусу — 761,0 млн сом;
- Баткен облусу — 331,1 млн сом;
- Жалал-Абад облусу — 710,7 млн сом.
Пикир
Оставить комментарий