Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-февраль айларында пенсия жана жөлөкпулдардын каржыланышы 9 млрд 041,1 млн сомду түздү. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фонду кабарлайт.
- Бишкек шаары — 1 млрд 452,2 млн сом;
- Чүй облусу — 1 млрд 372,4 млн сом;
- Нарын облусу — 723,8 млн сом;
- Ысык-Көл облусу — 825,9 млн сом;
- Талас облусу — 376,9 млн сом;
- Ош шаары — 322,4 млн сом;
- Ош облусу — 1 млрд 669,0 млн сом;
- Баткен облусу — 729,5 млн сом;
- Жалал-Абад облусу — 1 млрд 569,0 млн сом.
Пенсия жана жөлөкпулдун каржылануусу 2022-жылдын февраль айына 4 млрд 529,9 млн сомду түздү.
Пикир
Оставить комментарий