• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Соцфонд жыл башынан бери дээрлик 8 миң кайрылууну кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. 2024-жылдын январь-июль айларында Социалдык фонддун Сall-борборуна 7 миң 946 кайрылууну кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен июль айында Сall-борборго 1151 кайрылуу түшкөн, анын 629у телефон аркылуу, ал эми электрондук түрдө 522 кайрылуу кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Социалдык фонддун Сall-борбору мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо маселелери боюнча кесипкөй жардам көрсөтөт. Ал 1202 кыска номуру аркылуу жеткиликтүү жана пенсиялык камсыздоо жана социалдык камсыздандыруу боюнча суроолорго жооп издегендер үчүн ишенимдүү жана ыңгайлуу маалымат булагы болуп саналат.

Кайрылуулардын көпчүлүгү пенсия чектөө, жеке камсыздандыруу эсептериндеги акча каражат тууралуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана башка маселелерге байланыштуу болгон.

Call-борборунун квалификациялуу адистери мамлекеттик социалдык камсыздандырууга жана пенсиялык камсыздоого байланышкан көйгөйлөрдү чечүү жана суроолорго жооп берүү үчүн профессионалдык жардам жана кеңештерди беришет. Борбор квалификациялуу жардам жана суроолоруна жооп алууну каалаган өлкөнүн калкы үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү маалымат булагы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий