• 87
  • 90.58
  • 0.83

Соцфонд: Жыл башынан бери пенсия жана жөлөкпулду каржылоого 15,6 млрд сом сарпталды

Экономика 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. 2020-жылы январь-апрель айларында пенсия жана жөлөкпулга 15 млрд 687,8 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирди.

- Бишкек шаары — 2 млрд 539,0 млн сом

- Чүй облусу — 2 млрд 430,0 млн сом

- Нарын облусу — 1 млрд 268,4 млн сом

- Ысык-Көл облусу — 1 млрд 428,5 млн сом

- Талас облусу — 649,6 млн сом

- Ош шаары — 562,8 млн сом

- Ош облусу — 2 млрд 884,5 млн сом

- Баткен облусу — 1 млрд 260,9 млн сом

- Жалал-Абад облусу — 2 млрд 664,1 млн сом

Ал эми 2020-жылдын апрель айында пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 3 млрд 910,4 млн сом түздү.

Пикир

Оставить комментарий