Соцфонд жыл башынан тарта баалуу кагаздарга 4,1 млрд сом инвестициялаган

Экономика 0

Бишкек, 04.08.22. /Кабар/. Социалдык фонд 2022-жылдын январь-июль айларында мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга 4 млрд 178 млн 277,8 миң сом инвестициялаган.

Фонддун маалыматына ылайык, баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү жылына 12,5-15,5% чегинде болот.

Мындан тышкары, МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 365 күндүк мөөнөт менен 2 млрд 560 млн сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,0-18,5% чегинде болгон.

Ошентип, өткөн мезгил ичинде МТПФнын каражаттарынан жалпы суммасы 6 млрд 738 млн 277,8 миң сом инвестицияланган. Өз кезегинде, отчеттук мезгилде 1 млрд 293 млн 472,7 миң сом суммасында мамлекеттик баалуу кагаздар жана 2 млрд 255 млрд сом суммасында депозиттер кайтарылган.

Белгиленгендей, 2022-жылдын январь-июнь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:

  • жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 1 млрд 625 млн 545 миң сом;
  • депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 327 млн 973 миң сом;
  • МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 4 млн 12,3 миң сом.

Бардыгы болуп 2022-жылдын январь-июль айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 1 млрд 984 млн 530,5 миң сом киреше алынган.

Пикир

Оставить комментарий