Соцфонддун быйылкы кирешеси 57 млрд 428,8 млн сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 17.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылдын тогуз айында Социалдык фонддун бюджетинин жалпы кирешеси 57 млрд 428,8 млн сомду түздү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Улан Жума уулу билдирди.

Анын айтымында, киреше бөлүгү 2021-жылдын тогуз айына салыштырмалуу 125,9 пайызга же 11 млрд 821,5 млн сомго көбөйдү.

"Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы көлөмү 36 млрд 374,2 млн сомду түзүп, белгиленген план 1 млрд 34,2 млн сомго көп же 102,9%га аткарылды. Өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 130,3 пайызга же 8 млрд 447,9 млн сомго өстү", - дейт ал.

Улан Жума уулу Социалдык фонддун бюджетинин жалпы чыгымдары 49 млрд 676,4 млн сомду түзгөнүн кошумчалады.

"Пенсиялык фонд боюнча чыгымдар 44 млрд 785,3 млн сомду түздү. Бул пенсиялардын жыл сайын жогорулашы жана пенсионерлердин санынын өсүшү менен шартталган. Быйыл пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө керектелүүчү сумма 40 млрд 564,5 млн сом толугу менен каржыланды. Пенсиянын төлөнүшү боюнча карыздар жок. Өткөн жылга салыштырмалуу пенсияга керектелүүчү сумма 3 млрд 237,5 млн сомго көбөйдү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий