• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Жыл башынан бери Соцфонддун колл-борборуна 14,6 миң кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 08.10.22. /Кабар/. Социалдык фонддун колл-борбору үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында 14 миң 603 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, колл-борбору негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөрдү берүүдө.

"Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында колл-борборго1 миң 338 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 967си кирген жана чыккан чалуулар болгон. Андан тышкары, онлайн-офлайн режиминде сайт аркылуу 371 электрондук кайрылуу келип түшкөн", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, колл-борборго кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

Пикир

Оставить комментарий