• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Соцфонддун колл-борбору 2024-жылдын үч айында 3,9 миң чалуу кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Социалдык фонддун колл-борборуна 2024-жылдын январь-мартында 3 миң 909 чалуу түшкөн. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Мартта 1 101 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде 692 телефон аркылуу түшкөн чалуулар, ошондой эле сайттагы онлайн офлайн чат аркылуу 409 түшкөн кайрылуулар.

Кайрылуулардын көпчүлүгү пенсия чектөө, жеке камсыздандыруу эсептериндеги акча каражат тууралуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жана башка маселелерге байланыштуу болгон.

Социалдык фонддун Call-борборунун квалификациялуу адистери мамлекеттик социалдык камсыздандырууга жана пенсиялык камсыздоого байланышкан көйгөйлөрдү чечүү жана суроолорго жооп берүү үчүн профессионалдык жардам жана кеңештерди беришет. Социалдык фонддун Call-борбору квалификациялуу жардам жана суроолоруна жооп алууну каалаган өлкөнүн калкы үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү маалымат булагы болуп саналат.

Колл-борборго 1202 кыска номерин терип байланышса болот.

Пикир

Оставить комментарий