• 87
  • 90.41
  • 0.84

Соцфонддун колл-борборуна акыркы үч айдын ичинде 10 миңден ашуун кайрылуу түштү

Коом 0

Бишкек, 12.04.21. /Кабар/. Социалдык фонддун Call-борбору 2021-жылдын январь-март айларында 10 миң 147 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айында Соцфонддун колл-борборуна 1076 кайрылуу келип түшкөн. Андан тышкары, сайт аркылуу 459 электрондук кайрылуу келип түшкөн.

Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

"Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий