• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Соцфонддун колл-борборуна январда 1,2 миң кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Социалдык фонддун колл-борборуна январь айында 1 миң 263 кайрылуу түшкөн.

Фонддун басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинен 809у чалуулар болсо, 454ү колл-борбор сайтындагы чат аркылуу онлайн-оффлайн режиминде кат алмашуу болгон.

Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү пенсия дайындоого, жеке камсыздандыруу эсебинен маалымат алуу, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерине жана башка маселелерге байланыштуу болот.

Социалдык фонддун колл-борбору квалификациялуу жардам жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча суроолоруна жооп алууну каалаган өлкөнүн калкы үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү маалымат булагы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий