Соцфондго январь-май айларында 4,5 миңден ашуун кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Социалдык фонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгына 2024-жылдын январь-май айларында 4 миң 572 кайрылуулар келип түшкөн,

Ведомствонун маалыматына ылайык, анын ичинде:

  • жазуу түрүндө кайрылуулар – 200;
  • ооз эки кайрылуулар – 563;
  • КР Соцфондунун жетекчилиги тарабынын кабыл алынды – 61 жаран;
  • ишеним телефондор аркылуу – 2375;
  • уюлдук ишеним телефону аркылуу – 1373.

Жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылууларынын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип түшөт:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  • пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын өчөмүнө кайра эсептөө боюнча;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө;
  • КР СФ ишмердүлүгү боюнча башка суроолор.

Социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө келип түшкөн баардык суроолор боюнча мамлекеттик жана расмий тилде жеткиликтүү жооптор берилип келүүдө.

Пикир

Оставить комментарий