• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Соцфондго жарым жылда бюджеттен 20 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү – Алиев

Экономика 0

Бишкек, 02.08.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Январь-июнь айларында Социалдык фондго республикалык бюджеттен 20 млрд 119 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул каражаттар пенсиянын базалык бөлүгүн, электр энергиясы үчүн компенсацияны, аскер кызматкерлеринин пенсиясын жана башка төлөмдөрдү каржылоого жумшалды.

“Бюджеттин чыгаша бөлүгүнө токтолсок, 6 айда пенсиялык фонддун чыгашалары 46 млрд 400 млн сомду түздү. Пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө керектелүүчү сумма толук көлөмдө каржыланды. Пенсия алуучулардын саны 784,4 миң адамга жетип, 1-июлга карата пенсиянын орточо өлчөмү 9 миң 63 сом болду. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 миң 364 сомго көп”, - деди Бактияр Алиев.

Пикир

Оставить комментарий