• 86.2
  • 91.48
  • 0.88

Соцфондго акыркы беш айда 4010 арыз жана кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Социалдык фонддун жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу бөлүмүнө 2021-жылдын январь-май айларында 4010 арыз жана даттануу кайрылуулар келип түшкөн.

Соцфонддун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анын ичинен:

- жазуу турундө кайрылуулар - 274;

- ооз эки кайрылуулар - 275;

- электрондук кайрылуулар - 89.

2021-жылдын январь-май айларында келип түшкөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө маселелери боюнча толук түшүндүрмө берилди жана жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип тушкөн:

- пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;

- пенсияларды индексациялоо тууралуу;

- пенсияга укугу боюнча;

- пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;

- пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө.

Ошондой эле Социалдык фонддун төрагасы, төраганын орун басарлары жана Иш башкаруучу тарабынан 35 жаран өздөрүнүн кабыл алуусунда болду жана кабыл алууда болгон суроо-талаптарына тиешелүү чаралар көрүлдү.

Андан тышкары, Социалдык фондунун 54-33-16, 57-66-67 “Ишеним телефону” жана 0555 64-04-16 “Уюлдук ишеним телефону” аркылуу мамлекеттик жана расмий тилде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө жеткиликтүү оозеки түшүндүрмөлөр берилип келүүдө.

2021-жылдын январь-май айларында 3 337 телефон чалуулар, анын ичинен уюлдук телефон аркылуу 504 чалуулар түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий