Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Биринчи май райондук сотунун 20-ноябрдагы чечими менен Ирсалиев 2021-жылдын 17-январына чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.
Эскерте кетсек, Ирсалиев УКМК тарабынан 18-ноябрь күнү кармалган.
Пикир
Оставить комментарий