Бишкек, 20.12.24./Акназик Тургунбаева - Кабар/. Социалдык келишим долбоорунун алкагында 3 жыл ичинде 35 миңге жакын үй- бүлөгө көмөк көрсөтүлдү Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкекте өтүп жаткан III Элдик курултайдагы кайрылуусунда билдирди.
“Социалдык келишим долбоору ийгиликтүү ишке ашырылууда. Анын алкагында 3 жыл ичинде аз камсыз болгон 35 миңге жакын үй-бүлөгө кайтарымсыз негизде 100 миң сомдон берилди. Жалпысынан 3,3 млрд сом каражат бөлүнгөн. 2025-жылы кошумча дагы 20 миң үй-бүлөгө көмөк көрсөтүлөт. Жеке ишкерлердин иш баштоосуна жана финансылык көз карандысыздыгына мүмкүнчүлүк түзүп беребиз. 2024-жылдын сентябрынан тартып социалдык келишим долбоорунун катышуучулары үчүн колдоонун жаңы механизми киргизилди. Тактап айтканда, 3 жылдык мөөнөткө 200 миң сомго чейинки пайызсыз насыя берилүүдө. Ошондой эле ата-энесинин камкордугусуз калган жетим балдарга дагы өзгөчө көңүл буруудабыз. 2024-жылдын июль айынан баштап, келечекке салым аттуу топтомо эсеби ишке киргизилди. Мунун менен биз 2 миң 930 баланын жеке эсебине 500 миң сомдон каражат топтолуусуна шарт түздүк. Алар бул каражатты 18 жашка чыкканда колдоно алат. Ошентип биз социалдык жактан аярлуу катмарларга бир жолку гана колдоо көрсөтпөстөн, алардын мындан аркы өнүүгүсүнө тиешелүү шарттарды түзүп жатабыз”, - деди өлкө башчысы.
Пикир
Оставить комментарий