Социалдык контракт. “Арашан” породасындагы койлор менен бизнес кылган айым

Коом 0


Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан айылынын тургуну Асел Кирдикабакова “Социалдык контракт” долбооруна катышкан жарандардын бири. Ал мамлекеттен алган 100 миң сомго “Арашан” породасындагы койлорду алып, багып жаткан кези.

Чакан бизнесин алгач төрт кой менен баштап, эки жылда аны 18ге чейин жеткирген. Эми Асел айым таза кандуу “Арашан” койлорун дагы көбөйтүүнүн үстүндө иштеп жатканын айтат.

Пикир

Оставить комментарий