"Социалдык контракт". Сокулукта 49 үй-бүлө чакан ишкана ачууга мүмкүнчүлүк алды

Коом 0

Бишкек, 21.06.24. /Кабар/. Бүгүн Сокулук районунда 49 үй-бүлө мамлекет менен "Социалдык контракт" түзүп, кичи ишкана ачууга 100 миң сомдук сертификаттарды алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.

Сертификаттарды тапшыруу аземи эмгек министри Жылдыз Полотова, Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, райондун акими Ильяз Ташкулов жана Дүйнөлүк банктын өкүлү Ораз Султановдун катышуусунда өттү.

"Быйыл Сокулук районуна 134, анын ичинде республикалык бюджеттен 125, Дүйнөлүк банк боюнча 9 квота бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө 49 үй-бүлө социалдык контракт түзүштү. Республика боюнча жалпысынан 2 575 жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет менен социалдык контрактка кол коюшту", - деди Жылдыз Полотова.

Пикир

Оставить комментарий