• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Социалдык тармак аркылуу одоно билдирүү жасаган Даниэл Ажиев убактылуу кармоочу жайга камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Социалдык тармак аркылуу одоно билдирүү жасаган Даниэл Ажиев убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, акыркы убактарда социалдык тармактарда жана ЖМКда бир жарандын кемсинткен билдирүүсү талкууланып, бир катар нараазычылыктарды жараткан. Учурда ал билдирүү боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

"Ал жек көрүү жана кастыкты козутууга түрткөн кемсинткен сөздөр коштолгон ачык билдирүү жасаган. Бул боюнча 26-март күнү ИИМ Тергөө кызматы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын баштаган. КР Жазык кодексинин 313-беренесинде ("Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу") көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип Бишкек шаарынын тургуну, 30 жаштагы Даниэл Ажиев кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Күбөлөндүрүүнү жүргүзүү учурунда ал баңгизат (марихуана) колдонгондугу аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий