• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Некролог – Социалисттик эмгектин баатыры Жыргал Мундузбаева дүйнөдөн кайтты

Коом 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. Кыргыз эли оор жоготууга учурады. Социалисттик эмгектин баатыры, “Даңк” медалынын ээси Жыргал Мундузбаева 89 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Жыргал Мундузбаева 1935-жылы 8-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында туулган.

Эмгек жолун 1958-жылы Аламүдүн районундагы Стрельникова атындагы асыл тукум заводунун саанчысы болуп баштаган. Ал 1965-жылы өзүнө бекитип берилген 20 уйдун ар биринен рекорддуу 4624 килограммдан сүт саап алган. 1967–1971-жылдары Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болгон.

Жыргал Мундузбаева Социалисттик эмгектин баатыры, Кыргыз ССРинин мал чарбасына эмгек сиңирген устаты, СССРинин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, “Ардак Белгиси” ордендери, ошондой эле “Даңк” медалы менен сыйланган.

Улут сыймыгы – Жыргал Мундузбаеванын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, С.С. Касмамбетов, А.А. Касымалиев, К.К. Ташиев, Б.Э. Төрөбаев, Э.Ж. Байсалов, А.Б. Кенжебаев, А.С. Кадыралиев, М.К. Укушов, А.К. Осмонов жана башкалар.

Пикир

Оставить комментарий