"Соцкелишим". Кыргызстан боюнча 2 миңден ашык жаңы өндүрүш ишканалары ачылды

Коом 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. "Социалдык келишим" программасынын алкагында Кыргызстан боюнча 2 миңден ашык жаңы өндүрүш ишканалары ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, эмгек министри Гүлнара Баатырова Бишкекте аталган программанын аткарылышынын жүрүшүн текшерди.

Министр өз ишин ачуу үчүн мамлекет менен келишим түзүп, 100 миң сомдон алган үй-бүлөлөргө тандап барды.

"Программанын жүрүшүндө борбордогу 454 аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекеттин колдоосу менен бизнес башташты. Алардын 312 же 68% ашыгы тигүү цехтерин ачышкан. Бүгүн биз Адашгүл Уркунбаеванын үй-бүлөсүнө барып келдик. Ал буга чейин алты баласына жөлөкпул алып келген. Мамлекеттин акчасына ал эки тигүүчү машина сатып алды, азыр дагы тигүүчү машиналарды сатып ала алды. Анын кирешеси айына 25 миң сомдон ашат", - деди Гүлнара Баатырова.

Министр ошондой эле төрт баланы тарбиялап өстүрүп жаткан Козубековдордун пластик терезелерди чыгаруучу цехине барды.

"Жалпысынан өлкө боюнча 2 миңден ашуун ар кандай өндүрүштөр ачылды. Бул тигүү жана жыгач устаканалары, биожерсемирткичтер өндүрүшү, пескоблок, самын, пластик терезелер жана башкалар", - деп белгиледи министр.

Пикир

Оставить комментарий