• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Соцкелишимдин мыкты катышуучулары Бишкекке "Жаңы кадам" республикалык съездине чакырылат

Коом 0

Бишкек, 31.07.23. /Кабар/. Социалдык келишимдин мыкты катышуучулары Бишкекке "Жаңы кадам" республикалык съездине чакырылат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы социалдык контракттын катышуучуларынын конференциясында билдирди.

"Социалдык келишим президенттин демилгеси менен 2022-жылдан бери муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү механизми катары ишке ашырылууда. 13 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлө бюджеттен бөлүнгөн 100 миң сомго өз ишин баштады. Мындан тышкары, социалдык келишимдин катышуучуларынын 95% аялдар.

Министрлеркабинетинин төрагасы жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосунун аркасында социалдык келишимдин алкагында бир жарым жылдын ичинде өлкө боюнча 26 миңден ашык жумуш орундары түзүлдү. Социалдык келишимге катышуу автоматтык түрдө бүт үй-бүлөгө жайылгандыктан, бүгүнкү күндө 70 миңден ашуун адам материалдык абалын жакшырта алды десек жаңылышпайбыз. Алардын ичинен 42 миңи - бул 16 жашка чейинки балдар.

Мал чарба тармагында 8,7 миңден ашык долбоор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Мисалы, ошол эле Ноокен районунда Одинахон Гайипова жазында 1 га пияз эгип, 700 миң сомдон ашык киреше тапкан. Калмамат кызы Мадина болсо 9 баш кочкор сатып алып, аны семиртип сатып, бүгүнкү күндө 36 баш малдуу болуп, пайдага гумус өндүрө баштаган жана 30 сотка жерге кулпунай өстүрүүнү пландап жатат.

Айыл чарбасында эле 20 күнөскана, 70 канаттуулар фермасы, 6 балык чарбасы, 118 бал челек ачылган, өсүмдүк өстүрүү тармагында 120 долбоор ишке ашырылууда. Бул жетишкендиктер БУУнун Дүйнөлүк азык - түлүк программасына социалдык келишимди дүйнө жүзү боюнча жакырчылыкты жоюунун эң күчтүү механизмдеринин бири катары таанууга мүмкүндүк берди", - деди министр.

Съезддин катышуучулары киреше алып келүүчү бизнести ачуу тажрыйбасы менен бөлүшүп, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Бишкекте өтө турган "Жаңы кадам" республикалык съездине катышуу үчүн райондун мыкты өкүлдөрүн тандашты.

Социалдык келишимдин катышуучуларынын аймактык съезддери учурда өлкө боюнча өтүп жатат, жаңы жеке ишкерлер жана ишкерлер өздөрүнүн жетишкендиктерин көрсөтүп, тажрыйба бөлүшүп, Бишкекте райондордун ийгиликтерин көрсөтүү үчүн делегаттарды көрсөтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий