Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Социалдык тармактарда Бишкектин четиндеги эс алуу жайларында үйүлгөн таштандылар боюнча кызуу талкуу жүрүүдө.
Соцтармактын колдонуучулардын бири Зарина Мырсакулова дем алыш күнү Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркына барганын жана ал жакта эс алуучулар тарабынан ташталган таштандылар боюнча пост жазган.
Ошондой эле таштандылардын топтолуп жаткан сүрөтүн өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү Эмилбек Каптагаев да жарыялаган. Сүрөт “Теплые ключи” эс алуу жайында тартылган.
Пикир
Оставить комментарий