• 87
  • 90.44
  • 0.86

Соттолгон уулуна уюлдук телефон берүүгө аракет кылган аял кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.12.24. /Кабар/. Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери соттолгон жаранга уюлдук телефон берүү аракетин токтотушту.

Мекемеден билдиришкендей, 23-декабрда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан №3 мекемеде соттолгон адамга тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз киргизүү аракети катталды.

Ж.К. аттуу жаран соттолгон С.Р. аттуу уулуна азык-түлүк алып келген. Текшерүү учурунда кызматкерлер тарабынан кургатылган жемиш салынган баштыкка катылган уюлдук телефонун табылып алынган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 446-беренесине ылайык протокол түзүлгөн.

Топтолгон материалдар Ысык-Ата райондук сотуна жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий