• 87
  • 90.43
  • 0.88

Эски үйлөрдү бузуу демилгеси. Үй ээлерин эч ким мажбурлабайт – Нурдан Орунтаев

Коом 0

Бишкек, 26.11.24. /Жазгүл Мадинова - Кабар/. Мамлекет эски үйлөрдү мажбурлап буздурбайт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев маалымат жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей, реновация программасы аркылуу 1950-1960-жылдары курулган "сталинка" жана "хрущевка" деп аталган бир нече кабаттуу үйлөр биринчи кезекте буздурулмакчы.

“Кыргызстанда совет доорунда курулган көп кабаттуу үйлөрдү бузуу сүйлөшүү этабында. Толук бекитилген программа жок. Биз кийинки жылдан тарта ишке ашырууну пландап жатабыз” - деди Орунтаев.

Ошондой эле ал белгилегендей, эскилиги жеткен үйлөрдүн сейсмологиялык туруктуулугу жок. Азыркы тапта Реновация тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий