СOVID-19: 118 колл-борбору өз ишин жандантты

COVID - 19 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. COVID-19 маселелери боюнча “118” ыкчам байланыш кызматы кайрадан чалууларды кабыл ала баштады. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

2020-жылдын 10-сентябрынан 10-октябрга чейин колл-борбордун иши убактылуу токтотулган, анткени Электрондук саламаттык сактоо борборунун адистери тармактарды ырастоо иштерин, ошондой эле колл-борбордун операторлорун окутууну жүргүзгөн.

КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2020-жылдын 13-октябрынан тарта Бишкектеги 4 бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун, ошондой эле облустук үй-бүлөлүк медицина борборлорунун алдында колл-борборунун ишин баштады, мындай чаралар өлкө калкында COVID-19дун жайылышын болтурбоо боюнча аралыктан, өз убагында жана квалификацияланган медициналык кеп-кеңештерди берүү үчүн көрүлгөн.

Колл-борборлор 118 бирдиктүү маалыматтык номеринин базасында иштейт.

Негизги максаты – симптомдордун негизинде калкка өз убагында жана квалификацияланган медициналык кеп-кеңештерди берүү менен COVID-19га байланыштуу ооруканага жаткыруу учурларын кыскартуу.

Пикир

Оставить комментарий