Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 189 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 55, Алматы шаарында – 98, Шымкент шаарында – 8, Акмоло облусунда – 1, Алматы облусунда – 1, Атырау облусунда – 5, Чыгыш Казакстан облусунда – 3, Жамбыл облусунда – 5, Караганда облусунда 5, Түндүк Казакстан облусунда 1 адамдан COVID-19 табылган.
Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 306 миң 797 адам коронавирус жуктурган.
Пикир
Оставить комментарий