• 87
  • 90.41
  • 0.84

«Өспүрүм эмгек» рейди. Жалал-Абадда 12 баланын ата-энесине айып салынды

Аймак 0

Бишкек, 29.07.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жаш өспүрүмдөрдүн жумушка тартылуусун көзөмөлдө максатында 25-27-июль күндөрү «Өспүрүм эмгек» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, анын алкагында курулуш жүрүп жаткан имараттар, унаа жуучу жайлар, кафе-ресторандар, базарлар, компьютердик клубдар текшерүүгө алынды.

Рейддин жүрүшүндө жумушка тартылган жана түнкү убакытта чоң адамдардын коштоосуз жүргөн 12 баланын ата-энесине айып пулдар салынды. Соода-сатык менен аракеттенип жүргөн жаш өспүрүмдөргө эскертүүлөр берилди.

Мындан сырткары, жайкы каникул учурунда сууга түшүүдө этият болуу керектиги жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий