• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте өспүрүмдү коркутуп, акча талап кылган милиционерге кылмыш иши козголду

Укук тартиби 0


Бишкек, 09.07.24. /Кабар/. Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөн акча талап кылуу фактысы боюнча ИИМдин күзөт кызматынын кызматкерине карата кылмыш иши козголду.

Башкы прокуратурадан маалымдашкандай, 2024-жылдын 6-июлунда милициянын күзөт кызматкери өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынан чегинен чыгып, электрондук тамеки чегип отурган С.Ю. аттуу өспүрүмдү административдик жоопкерчиликке тартуу жолу менен коркутуп, андан акча талап кылып, банкоматтан чечтирип алган. Моралдык-психологиялык кысымдын кесепетинен жашы жете элек С.Ю. окуя болгон жерден эсин жоготуп, ооруканага жеткирилип, "геморрагиялык инсульт" диагнозу менен оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми милиция кызматкери өзүнүн кылмыштуу аракетин жашыруу максатында оор абалда жаткан өспүрүм баланы окуя болгон жерге калтырып, изин жашырып качып кеткен.

Бул факт боюнча райондук прокуратура тарабынан Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 144-беренеси ("Коркунучта калтыруу") белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөсү Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБ тергөө кызматына тапшырылган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектүү катары милиция кызматкери С.Б.Б. кармалып, Бишкек шаарынын ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий