Спектаклдер, квесттер жана экскурсиялар – бишкектиктерди театр күнүн белгилөөгө чакырышууда

Маданият 0

Бишкек, 27.03.19 /Кабар/. Чыңгыз Айтматов атындагы орус улуттук драма театры жалпы шаар тургундарын Бүткүл дүйнөлүк театр күнүн белгилөөгө чакырат. Бул күнү шаардыктарды бир нече кызыктуу маданий иш-чаралар күтөт. Бул тууралуу театрдын өкүлдөрү “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдиришти.

Орус драма театрынын директорунун орун басары Валерия Пак бардык театр сүйүчүлөрүн келе жаткан майрамы менен куттуктап, бул маанилүү мааракени чогуу өткөрүүгө чакырды. Жыл сайын 27-мартта эл аралык театр күнү белгиленип келет.

“Салтка айлангандай Орус драма театры бул майрамдын урматына ачык эшик күнүн өткөрөт. 30-март күнү бир нече спектаклдерди бекер кирип көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле бул иш-чарага Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры жана “Сейтек” борбору да катышат".

Алардан тышкары конокторго Орус драма театрдын кызматкерлери тарабынан уюштурулган квестке катышуу сунушталат. Жеңүүчү баардык спектаклдерди, экскурсияларды бекер көрүүгө бир жылдык абонемент алат.

Ал эми коючу режиссер Нелли Плешакова театр жашайт жана дайыма жашап келет, деп баса белгилеп, баардык көрүүчүлөрдү театрдын өз күчү менен коюлган “8 мээримдүү айымдар” деген пьесасын көрүүгө чакырды.

“Бул француз жазуучу, драматург Роберт Том тарабынан ар жаш курактагы 8 аял тууралуу жазылган криминалдуу детектив окуя”, - деп кызыктырды.

Бул пьесада каармандардын бирин КРнын белгилүү артисти Зинаида Петренко ойнойт.

Петренко билдиргендей, көп жыл мурун ал ушул эле пьесада башка ролду жараткан. “Ал кезде мен жаш кыздын ролун жаратсам, мында чоң эненин ролун ойнойм”, - деди ал.

Ошондой эле ал театрга өкмөттүк деңгээлде колдоо көрсөтүүгө чакырды. “Биздин экинчи үйүбүз болуп калган театр абдан оор кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө. Каражат жок болгондуктан, баардыгын өзүбүз издөөгө мажбурбуз. Бизге азыр абдан оор болууда. Өкмөт театрга көңүл бурса деген үмүт бар. Анткени биз - өлкөдө жалгыз театрбыз. Бизде көп улуттуу адамдар иштейт”, - деп билдирди ал.

Аталган иш-чара Орус драма театры, Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын жана “Сейтек” жаштар борбору менен биргеликте уюштурулууда.

Ачык эшик күндөрү 30-март күнү саат 10:00дөн кечки саат 22:00гө чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий