• 84.2
  • 92.98
  • 0.92

Спорттун ардагерлери Мамагенттиктин ардак грамотасы менен сыйланышты

Спорт 0

Бишкек, 02.12.20 /Кабар/. Бүгүн, 2-декабрда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Жылдыз Бопушева Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортун ѳнүктүрүүгѳ кошкон салымдары жана спорттук иш-чараларды уюштурууда жана өткөрүүдө көмөк көрсөткөндүктөрү үчүн спорттун ардагерлерин ардак грамота менен сыйлады. Бул тууралуу Спорт агенттигинен билдиришти.

Ардагерлердин тизмеси:

  1. 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев;
  2. грек-рим күрөшү жана кыргыз күрөшү боюнча республиканын көп жолку чемпиону Туратбек Мазиев;
  3. дене тарбия мугалими Анарбек Сатимов;
  4. Кыргыз Республикасынын ардактуу ардагери Тилекбек Абдукаримов;
  5. СССРдин самбо боюнча спорт чебери Соорбек Кыдыралиев.

Пикир

Оставить комментарий