• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Министрлик Кавасаки синдрому менен ооруган балдардын саны көбөйдү деген маалыматты төгүндөдү

Ден соолук 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу (СССӨМ) Эне-баланы коргоо улуттук борборунун директору, профессор Камчыбек Узакбаев Кавасаки синдрому менен ооруган балдардын саны көбөйдү деген маалыматты төгүндөдү.

Ал “Кабар” агенттигине билдиргендей, декабрь айында COVID-19 коронавирустук инфекциясынан кийинки Кавасаки синдрому менен ооруган балдардын саны көбөйгөнү байкалган. “Азыр андай өсүү байкалбайт. Тескерисинче 15 оорулуунун 13ү ооруканадан чыгып, азыр экөө гана дарыланып жатат. Алардын абалы туруктуу”, - деди ал.

Эне-баланы коргоо улуттук борборунун директору бүгүн эле министрлик бешинчи клиникалык протоколду бекитти, ошол жерде Кавасаки синдрому менен түшкөн балдардын санынын өсүүсү тууралуу алгоритм көрсөтүлгөн деп маалымат берди.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарда Кавасаки синдрому менен ооруган балдардын саны өскөндүгү тууралуу маалымат тараган.

Пикир

Оставить комментарий