• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Стамбулда түрк дүйнөсүнүн маданий мурастары боюнча тажрыйба бөлүшүү иш-чарасы өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Стамбул шаарында түрк дүйнөсүнүн маданий мурастары боюнча тажрыйба бөлүшүү иш-чарасы өтүүдө.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришкендей, аймакты башкаруу боюнча тажрыйба бөлүшүү программасынын алкагында түрк дүйнөсүнүн маданий мурастары менеджерлерине багытталып өткөрүлүп жаткан жыйын 27-сентябрда аяктайт.

Учурда ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Венгрия, Өзбекстан жана Түркмөнстандан келген менеджерлер катышууда.

Элчиликтен белгилешкендей, тажрыйба алмашуу программасы Түрк маданияты жана мурасы фондунун демилгеси жана Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА), Фатих муниципалитетинин, Стамбул соода университетинин жана Түрк дүйнөсү фондунун колдоосу менен уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий