• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Стамбулда ТМУнун өнөр жай, илим, технология жана инновациялар министрлеринин жыйыны өттү

Экономика 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. 26-октябрда Түркиянын Стамбул шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун өнөр жай, илим, технология жана инновациялар министрлеринин биринчи жыйыны өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө министр Данияр Амангелдиев өнөр жайды өнүктүрүү жана технологиялык инновациялар жаатында кызматташуунун зарылдыгын баса белгиледи.

Министр өнүккөн жана технологиялык жактан күчтүү өнөр жай, ар дайым туруктуу экономикалык өсүүнүн кыймылдаткычы болгонун белгиледи.

"Жогорку технологиялык продукцияларды өндүрүүнү өнүктүрүү Кыргызстандын келечектеги өнүгүүсү үчүн стратегиялык туура чечим. Кыргызстан ТМУга мүчө өлкөлөр менен технология жана тажрыйба алмашууга, биргелешкен ишканаларды түзүүгө жана жумуш орундарын көбөйтүүгө даяр", - деди ал.

Ошондой эле Амангелдиев жыйындын катышуучуларын өлкөлөрдү жакындатууга багытталган биргелешкен пландарды ишке ашырууну улантууга чакырды.

"Биздин өлкөлөрдүн маданий жана тарыхый байланышы бир, жана бул өз ара колдоого жана кызматташууга чоң мүмкүнчүлүк берет. Ортоӊку кызыкчылыктарыбыз жана максаттарыбыз туруктуу экономикалык байланыштарды куруунун негизине айланышы мүмкүн", — деп белгиледи ал.

Жыйындын аягында өнөр жай, илим, технология жана инновациялар боюнча ТМ министрлеринин биринчи жыйынынын декларациясы кабыл алынды. Анда метрология жана өнөр жай продукцияларынын коопсуздугу, стандартизация жана шайкештикти баалоо, өнөр жай кызматташтыгы, космостук технологияларды өндүрүү жана иштеп чыгуу сыяктуу тармактардагы кызматташтык боюнча негизги жоболор камтылган.

Пикир

Оставить комментарий