• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Стамбулдан учуп келген кыргызстандыктар обсервацияга жөнөтүлдү. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 17.04.20. /Кабар/. Стамбулдан учуп келген кыргызстандыктар обсервацияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Манас” эл аралык аэропортунда 17-апрелде Стамбулдан келген чартердик рейсти тосуп алышкан. Баарынын коопсуздугу үчүн жүргүнчүлөр аба майдандын имаратынын ичине кирбестен, перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү.

Эске сала кетсек, буга чейин Бишкекке "Стамбул-Бишкек-Стамбул" рейси менен 211 кыргызстандык учуп келери кабарланган болчу.

Пикир

Оставить комментарий