Бишкек, 11.01.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 107 адамдан табылып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 82 адамдан, Чүй облусунда – 8, Ош облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда – 10, Баткен облусунда – 4, Жалал - Абад облусунда - 1 кишиден табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 101 адам коронавирустан айыгып чыккан.
“Бишкекте – 57, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 12, Жалал-Абад облусунда – 9, Баткен облусунда 4 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.
Коронавирустан жалпы 1 миң 371 жаран көз жумган. Бир күндө Бишкекте - 1 жана Ысык-Көл облусунда - 1 адам каза болгон.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 839 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 241 адам дарыланууда.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1медик коронавирус жуктуруп алды. Үй карантининен 5, стационардан 2 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 147 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 14 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 82 миң 380 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 78 миң 3 киши айыгып чыкса, 1 миң 371 адам каза болду.
Пикир
Оставить комментарий