• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Статком: Кыргызстандыктардын эл каттоого катышуудан баш тартууга укугу жок

Коом 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Кыргызстанда 2022-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоо уланууда, - деп билдирет Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, тургундарга эл жана турак жай фондун каттоого катышуу милдеттүү экендиги жана каттоодон өтө турган жарандар «Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө» КР мыйзамына ылайык, каттоо документтеринде камтылган суроолорго талап кылынган маалыматтарды берүүдөн баш тартууга болбой тургандыгы эскертилди.

Ошол эле убакта кыргызстандыктарга каттоо убагында алынган жеке маалыматтардын купуялуулугу боюнча тынчсызданууга негиз жок экендиги түшүндүрүлдү.

Бардык маалыматтар топтолгон, жыйынтыкталган түрдө гана пайдаланылат. Натыйжада борбор шаардын жашоочуларынын каттоого катышуусу активдешти.

Өлкөнүн региондорунда эл каттоо штаттык режимде жүрүүдө.

Эскерте кетсек, 2022-жылдагы эл жана турак жай фондун каттоо үстүбүздөгү жылдын 3-апрелине чейин уланат. Улутстатком тарабынан уюштурулган «ишеним телефону» (1216) өз ишин улантууда.

Эл каттоонун жүрүшү төмөнкү социалдык түйүндөрдө чагылдырылууда: Инстаграм: elkattoo.kg, Facebook: Эл каттоо 2022, Telegram: Эл каттоо-2022.

Пикир

Оставить комментарий