Кыргызстан жарандык авиация инфраструктурасын активдүү кеңейтип, модернизациялоодо. Авиа тармагын өнүктүрүүнүн мындай темпи республикада буга чейин катталган эмес. Облустардын борборлорунда аба порттору ирээтке келтирилип, оңдолууда. Өлкөнүн дээрлик бардык региондорунан борборго да, башка шаарларга да бир-эки сааттын ичинде жетүүгө мүмкүн болгон ыңгайлуу транспорттук байланышты түзө турган аба линияларынын кеңири тармагын ишке киргизүү этабы аяктап жатат. Жылдын кайсы мезгилинде болбосун жана ар кандай шарттагы аба ырайында аба каттам менен катоо, көп сандаган ашуулары жана татаал жолдору бар тоолуу өлкөбүз үчүн абдан маанилүү.
Кыргызстанда акыркы мезгилде турак жай, завод - фабрикалардын, жол тармактарындагы курулуштар гана эмес, жергиликтүү аба каттамдарды жандандыруу иштери тынымсыз жүрүп, өлкөнүн аймактарындагы эски аэпорттор жаңыланып, биринин артынан бири ишке кире турган убакыт келди. Кыргызстан тоолуу өлкө. Бүгүн түндүк менен туштүктү бириктирген, бийик ашуулардан өткөн бир гана жол бар. Ал эми бул аралыкты бириктирген альтернативдүү жолдун курулушу жакында аягына чыгат. Бишкек - Ош жолу бийик ашуулардан өткөн үчүн кышкы мезгилде өто кооптуу. Бул жолдо жайында деле автокырсыктар көп катталып, адамдын өмүрүн алган кандуу жол. Мындан сырткары “жол азабы-көр азабы” дегендей, 10-15 саат жол жүрүп бараар жерге жетүү оңой иш эмес.
Жергиликтүү аба каттамдарын жандандыруунун бирден бир себеби - калкка ыңгайлуу, коопсуз шарт түзүп берүү. Экинчиден, жергиликтүү аба каттамдар – өнүккөн өлкөнүн белгиси. Жергиликтүу тургундар гана эмес, чет өлкөлүк туристтер тейленип, агымы көбөйөт.
Садыр Жапаров жарандык авиация күнүндө ушул жагдайды баса белгилеп, “Өлкөнүн авиация тармагындагы мындай ийгиликтүү кадамдар бара-бара элибиздин бакубат турмушу үчүн мындан да ыңгайлуу шарттарды түзөт деп бекем ишенем.
Авиация тармагы мындан да өнүгүп эл-журтубузга эле эмес, өлкөбүздүн меймандарынын коопсуз, ыңгайлуу учуп-конууларын камсыз кылып, өлкөбүздүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтө беришиңиздерге тилектешмин.
Элибиздин аба мейкиндиги аркылуу карым-катнашын камсыз кылууга багытталган жоопкерчиликтүү ишиңиздерди албан-албан ийгиликтер коштосун!”- деген Садыр Жапаров кутуктоо сөзүндө.
Бугүн Кыргызстандын авиациясы бардык эл аралык стандарттар менен талаптарга жооп берет. Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында бүгүнкү күндө «Манас» эл аралык аэропортунун жеке каражатынын эсебинен «Кербен», «Каракол», «Талас», «Нарын» жана «Казарман» аймактык аэропорттору толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, четинен колдонууга бериле баштады. Ал эми аба кемелери паркы жаңы учактар менен толукталып, жаңыртылууда. Мындан тышкары, алдыда жаңы эл аралык «Жалал-Абад» аэропортун куруу маселеси турат.
Ошондой эле эл аралык каттамдар боюнча жаңы багыттар ачылып, Кувейт, Түштүк Корея, Азербайджан, Сауд Аравиясы, Таиланд менен аба каттамдары жолго коюлду. Натыйжада жүргүнчүлөрдүн агымы барган сайын арбып барат. Бул дагы Кыргызстандын эл аралык кызматташтыгын бекемдөөнүн үстүндө иштер кызуу жүрүп жаткандыгын күбөлөйт.
Акыркы мезгилде «Манас» эл аралык аэропорту болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишти. Эгер 2019-жылы «Манас» эл аралык аэропортунун таза кирешеси 2 млрд 108 млн сомду түзсө, 2023-жылы таза кирешеси 6 млрд. сомго жетип, өсүү темпи 52 % түздү.
Башында айтып өткөн «Каракол» эл аралык аэропортуна токтолсок, ал 1971-жылы түптөлүп, 1978-жылы ишке берилген. Союз учурунда кадимки режимде иштеп, кийинчерээк Алматыдан гана рейстерди кабыл алып калган. Таптакыр жабылып калганына 5 жылдын жүзү болду. Тактап айтканда, акыркы жолу 2018-жылы Дубай-Ташкент-Бишкек-Каракол багыты боюнча акыркы чартердик рейсти кабыл алып, ошондон соң өз ишин токтоткон. Андан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Садыр Жапаров 2022-жылы “Каракол” аэропортуна жаңы корпус кошулуп, аэродрому дагы реконструкциядан өтөт деп айткан. Аэровокзал саатына 250 жүргүнчүнү тейлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал эми учуп-конуу аянтчасы 2400 метрге чейин узартылган.
Садыр Жапаровдун айтымында, “Каракол” эл аралык аэропорту мультипликативдүү мүнөзгө ээ болот. Арифметикада бул термин “көбөйтүүгө баланыштуу” дегенди билдирет. Келечекте аэропорт жергиликтүү калктан сырткары өлкөгө келген чет элдик туристтерди толугу менен тейлейт. Өлкөдөгү туроператорлор Караколдо жыл бою эс алууга бардык шарттарды түзүшөт. Бул болсо областтын экономикасынын өсүшүнө өбөлгө түзөт.
Ошондуктан, аймактар ортосундагы, ички жүргүнчүлөрдү ташуучу аба транспорту маанилүү ролду ойноп калат. Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров аба көпүрөлөрүнүн эң чоң артыкчылыгы – алар жыл бою каттамдарды минималдуу чыгым менен аткара аларында дейт.
«Биз азыр көрүп жаткан нерсе абдан жакшы натыйжага багытталган. Убакыт — баа жеткис ресурс. Ал эми көп учурда адам тез арада өлкөнүн бир четинен экинчи четине жетүү керек болот. Бул жагынан ата мекендик авиакомпаниялар абдан ыңгайлуу.
Азыр өлкөбүздүн бардык аймактары ички авиакаттамдар менен байланышты. Маселен, мен Нарындан учуп, Ошко оңой эле жетип алам. Албетте, азырынча Бишкек аркылуу. Бирок ашууда тыгылып калуу коркунучу менен кышкы жолдо бир сутка же андан көп жол жүргөнгө караганда, бул дагы ыңгайлуу, – дейт Төлөнбек Абдыров.
Бүгүн авиация тармагы өлкөнүн өнүгүүсүнө экономикалык, маданий жана социалдык жактан маанилүү ролду ойнойт. Кыргызстандын тоолуу жана деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок болсо дагы, жарандык авиация өлкөбүздүн ички аймактары жана башка мамлекеттер менен карым-катнаш жүргүзүүдө өтө маанилүү тармак болуп, элдин жашоосунда татыктуу орун ээлейт деген ишеним чоң.
Пикир
Оставить комментарий