• 87
  • 90.41
  • 0.84

Стресс жана арт-терапия. Баткендеги окуядан жабыр тарткан мугалим жана балдар көл жээгинде реабилитациядан өтүштү

Коом 0

Бишкек, 06.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган үй-бүлөлөрдүн балдары жана мугалимдер Ысык-Көлдө 10 күндүк жайкы реабилитициядан өтүштү.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана “Жетиген” эл аралык лагери үстүбүздөгү жылдын 28-30-апрелдеги окуядан жабыркаган Баткен жана Лейлек райондорунан 9-17 жаштагы 70 бала жана 20 мугалим үчүн көл жээгинде 27-майдан 6-июнга чейин эс алууну уюштурган.

Ошондой эле иш-чара БУУ Аялдар түзүмүнүн жана “Ядран” (Татарстан) компаниялар тобунун колдоосу менен өтүүдө.

Нет описания.

Иш-чара жаңжалдын жүрүшүндө жабыркаган чек арага жакын райондордогу балдарга жана мугалимдерге арт-терапия жана психологиялык консультациялар аркылуу психологиялык колдоо көрсөтүү максатында өткөрүлдү. Ошондой балдарга кесипкөй психологиялык жана психотерапевтикалык жардамды көрсөтүү каралган.

Балдар үчүн тематикалык иш-чаралар, спорттук, пляждык активдүүлүк, квест-оюндар, кыргыз улуттук оюндар, чыгармачылык студиялардагы сабактар: медиа, вокал, бий, живопись жана скульптура, кулинардык мастер-класстар, компьютердик сабаттуулук боюнча кыскача курс, англис тилиндеги өнүктүрүү оюндары өттү.

Нет описания.

Мугалимдер үчүн стрессти жана жаракат алуудан кийинки синдромду башынан өткөргөн балдарга психологиялык жардамды көрсөтүү методдору окутулду.

Врач-ординатор, психиатр Ламира Русланованын айтымында, 10 күндүк эс алуунун жыйынтыгында балдар ачылып, бири-бири менен жакшы мамиле куруп кетишти.

Нет описания.

“Лагерде мугалимдерге биринчи психологиялык жардам жөнүндө лекцияларды өткөрдүк. Негизи долулук, туталануу деген эмне, бала аябай жини келип, жүрүм-туруму агрессивдүү болуп жатса, кандай жардам бериш керектиги боюнча сабак өтүлдү. Мугалимдер менен йога, бий терапиясын өткөрдүк. Балдар менен арт-терапияда үй, киши жана бакты тартуу боюнча тапшырма бергенбиз. Алар өз сезимдерин кагаз бетине тартып, анан аны айрып жок кылганбыз. Кечээ чопо терапиясы болду. Анда балдар үчүн өз эмоцияларын чоподон чыгаруу мүмкүнчүлүгү болду. Кээ бирөөлөр аны мыкчылап, үзүү менен айта албаган нерселерин колу менен чыгарышты”, - дейт психиатр.

Нет описания.

Балдар өнөрлөрүнө, шыгына жараша сүрөт тартуу, скульптура, тамак жасоо, медиа сыяктуу тармактарга бөлүнүшкөн.

Чолпон-Атадагы А.Осмонов атындагы мектептин мугалими, сүрөтчү Дүйшөбек Исхаков живопись тармагына 10дон ашык бала жазылганына токтолду.

Нет описания.

“Башында карандаш, кисть кармаганды билбеген балдар бар экен. Кызыгып, азыр баарын үйрөнүп калды. Биринчи келгенде эле көлдү тарттык. Андан кийин “Менин айылым” темасында сүрөт тартышты. Анда өрүкзарды, үйлөрүн кагаз бетине чагылдырышты. Ал эми чек ара боюнча сөз кылгым келген жок. Бул багытта психолог иштеп жатат. Бирок балдардын кызыгуусу күч”, - дейт Исхаков.

Нет описания.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун координатору Асел Жакыпбекова Ысык-Көлдөгү эс алуунун программасына арт-терапиянын 6 классы киргизилгенин белгиледи.

“Балдарды коркуу сезиминен арылтуу үчүн ар тармакка бөлүп, ар биринде өзүнчө мугалимдер иштешти. Негизинен живопись, скульптура, вокал, бий, кино жана тамак жасоо класстары болду. Лагерге турак жайлары кыйраган үй-бүлөлөрдүн балдарын жана жабыр тарткан мугалимдерди алып келгенбиз. Эми мугалимдер өтүлгөн курстардан кийин жарандарга, анын ичинде балдарга биринчи психологиялык жардам бере алат. Бул өтө маанилүү”, - деп маалымдады Жакыпбекова.

Пикир

Оставить комментарий