• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагасы кызматына Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштады

Коом 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Бүгүн Судьялар кеңешинин жыйынында Жогорку соттун төрагасы кызматына Медербек Сатыевдин талапкерлиги каралды. Бул тууралуу Судьялар кеңешинин басма сөз кызматы билдирет.

Кеңештин мүчөлөрү Жогорку соттун төрагасы кызматына Медербек Сатыевдин талапкерлигин бир добуштан колдошту.

Белгилей кетсек, КР Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн, 5-пунктуна ылайык президент Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин макулдугу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын ичинен 5 жылдык мөөнөткө Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын кызмат ордуна дайындайт.

Ал эми КР Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын арасынан төрагаларын 5 жылдык мөөнөткө дайындоо үчүн президент тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерге Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен макулдук берет.

Пикир

Оставить комментарий