• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Суданда учактын кулашы. "Манас" аэропорту табылган документтер боюнча түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 22.10.24. /Кабар/. Суданда авиакырсык болгон жерде табылган "Манас" аэропортунун документтери "Airline Transport Incorporation" FZC компаниясынын кызматкери Виктор Грановго таандык болгон.

Аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, ал Россиянын жараны жана “Манас” аэропортунун кызматкери эмес.

Белгиленгендей, Виктор Гранов 2024-жылдын май айында "Манас" эл аралык аэропортунан Ош эл аралык аэропортуна АН-12 учагын алып барууга пилоттук кызматка чакырылган, бирок графиги тыгыз болгондуктан кызматташууга келген эмес.

"Анын башкы инженер статусу болгондуктан аэропорттун перронуна жана бортко уруксаты болгон. Бирок штатка уруксаты жок болчу. ИКАОнун эрежелерине ылайык, таркет берилген. Мындай карталарды "Манас" аэропорту өзүнүн кызматкерлерине гана эмес, аэропорт менен түзүлгөн келишимдин негизинде кызматташкан бардык компанияларга берет, андыктан адамдар өздөрүнүн эмгек милдеттерин аткаруу үчүн аэропорттун терминалына жана перронго тоскоолдуксуз кире алышат", - деп кошумчалашты аэропорттон.

Белгилей кетсек, кырсыкка учураган учак Эмираттын Rome Style компаниясына таандык болгон, андан кийин 2024-жылы бул учак New Way Cargo Airlines ST-JLN компаниясына сатылган жана Ош шаарындагы FZC Airline Transport Incorporation менен эч кандай байланышы жок. New Way Cargo Airlines авиакомпаниясы Кыргызстанда каттоодон өткөн. Жүк ташуу үчүн аба операторунун сертификаты 2025-жылдын 16-июнуна чейин жарактуу.

Пикир

Оставить комментарий