• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Султан Жоошбаев ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп кайрадан шайланды

Коом 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. 2021-жылдын 17-декабрында ИИМ Ардагерлер кеңещинин кезектеги отуруму болуп өттү, - деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бул отурумга ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев жана ИИОнун облустук жана райондук түзүмдөрүнүн Ардагерлер кеңештеринин төрагалары катышты.

Ардагерлер кеңешинин жыйынтыктоочу отурумун ачып жатып, министрдин орун басары ички иштер органдарынын каада-салттарын кармоодогу ардагерлер уюмдарынын жогорку ролун өзгөчө белгилеп, бул кеңештер кызматкерлерине сый-урматында топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшүп, ички иштер органдарынын иштеп жаткан кызматкерлерине жардамдашуу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Нурбек Абдиев сөзүн жыйынтыктоодо ардагерлер уюмдары ички иштер органдары системасында өзгөчө орунду ээлейт жана азыркы шартта министрликтин ишмердүүлүгү ардагерлердин жардамы жок мүмкүн эмес жана өздөрүнүн ак ниет кызматы үчүн чогулгандарга ыраазычылык билдирди.

Аталган отурумда Ички иштер минисрлигинин Ардагерлер кеңешинин 2017-жылдан тартып азыркы учурга чейинки ишмердүүлүгү тууралуу Ардагерлер кеңешинин төрагасы, отставкадагы милициянын полковниги Султан Жоошбаев отчет катары баяндама жасады.

Отурумда күн тартибине ылайык, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп бир добуштан Султанбек Жоошбаев кайрадан шайланды жана анын орун басарлары болуп милициянын отставкадагы подполковниги Айтбек Аблаев жана милициянын полковниги Курсан Камчиев дайындалышты.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер ардагерлеринин коомдук уюмунун иш-мерчеми белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий