• 87
  • 90.41
  • 0.84

Президент Садыр Жапаров депутат катышкан мушташты ар тараптуу иликтөөнү тапшырды

Коом 0

Бишкек 13.03.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровго Бишкекте катталган мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылды. Бул жүрүм-турум мындай рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт", - дейт Султанбаев.

Белгилей кетсек, Бишкекте ресторандардын биринде мушташ болгондугу тууралуу видео социалдык тармакта тараган. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы учурда иликтөө иштерин баштады. ЖМКлардын маалыматына караганда, мушташка катышкандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров бар.

Эске салсак, Жаныбек Абиров 2021-жылы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.

Пикир

Оставить комментарий