• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Сунушталган мыйзам долбоору диний ишмердүүлүгүбүзгө тартип киргизе турган күч болот – экс-муфтий Замир Ракиев

Коом 0


Бишкек, 08.11.24. /Кабар/. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору диний жааттагы ишмердүүлүгүбүзгө чоң тартип киргизип, дин тармагын ирээттей турган мыйзам, күч болуп саналат. Бул тууралуу экс-муфтий Замир Ракиев "Кабар" маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, баян уккан адамдар 100 миңдеп саналгандыктан, мындай жерге сөзсүз тартип керек.

"Ата-бабаларыбыздан келе жаткан ханафи мазхабын бекемдөө үчүн бул мыйзам керек.

Сунушталган мыйзам долбоорун макул деп эле колдоп берген жокпуз. Ага 2 ай отуруп, 50гө жакын чогулуштарда талкуулап, аалымдардын баары өз пикирлерин айтышты. Карапайым эл аалымдарга өкүлдөр катары ишениши керек. Анткени, дин жаатындагы көйгөйлүү маселелерди, муктаждыктарды аалымдар жакшы билишет. Ошондуктан аалымдардын пикирин сыйлаш керек", - дейт Ракиев.

Пикир

Оставить комментарий