• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Сутка ичинде 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 10.10.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте бир, Ош шаарында бир, Ош облусунда 3 Жалал-Абад облусунда 6, Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусунда бир медик илдетке кабылды.

Ал эми бир суткада үй карантининен 6 медициналык кызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3393 учур катталды, алардын ичинен 3081 медкызматкер айыгып чыкты.

Белгилей кетсек, 10-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 307 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 48 миң 924тү түзөт. Алардын ичинен 44 миң 227 киши айыгып чыкты, 1 миң 82 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий