• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 289 изилдөө жүргүзүлдү – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 22.06.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 289 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 205 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 3356га жетти. Алардын ичинен 2021 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 40 адам (+3 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий