Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 431 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 23 жаңы учур катталган.
Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2055ке жетти. Алардын ичинен 1483 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 24 адам (+1 учур бүгүн катталды) каза болду.
Пикир
Оставить комментарий