• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 3 миң 887 изилдөө жүргүзүлдү – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 27.06.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 3 миң 887 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 309 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 4513кө жетти. Алардын ичинен 2212 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 43 адам (+ 3 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий