• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сутка ичинде өлкө боюнча 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда бир, Ош шаарында бир, Баткен облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 3 медик ооруп калды.

“Ал эми бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 7 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3059 учур катталды, алардын ичинен 2372 медкызматкер айыгып чыкты”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 42 миң 507ни түзөт. Алардын ичинен 35 миң 486 киши айыгып чыкты

Пикир

Оставить комментарий