• 87
  • 90.41
  • 0.84

Сутка ичинде өлкө боюнча 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында бир, Ош шаарында 3, Ош облусунда бир, Баткен облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 5, Нарын облусунда бир медик ооруп калды.

“Ал эми бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 7 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3073 учур катталды, алардын ичинен 2383 медкызматкер айыгып чыкты”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 42 миң 703тү түзөт. Алардын ичинен 35 миң 831 киши айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий