• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Сутка ичинде өлкө боюнча 32 медкызматкер коронавируска кабылды

COVID - 19 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө боюнча 32 медкызматкер коронавируска кабылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарында 9, Ош облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 6, Нарын облусунда 2, Баткен облусунда 6 медик илдетке кабылды.

“Ал эми бир суткада 13 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары, үй карантининен 56 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2743 учур катталды, алардын ичинен 1664 медкызматкер айыкты”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 30-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 35 миң 143кө жетти. Илдеттен жалпы 24 миң 474 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1364тү түзөт.

Пикир

Оставить комментарий